Путин Трампка Орусия алдыдагы эки айда Украинага болгон чабуулдарын күчөтөрүн билдирген
Орусия алдыдагы эки ай ичинде Украинада өзүнүн чабуулдарын күчөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Axios басылмасы жазып, жакында эле Орусиянын лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсүнүн чоо-жайына шилтеме кылган, деп жазат CentralAsia.
Басылманын маалыматына караганда, Путин АКШ президентине «кийинки 60 күн ичинде Орусия ээлеп турган аймактардагы административдик чек араларга чейин жаңы басып алуу аракеттерин көрөрүн» айткан.
Маалымат булактары билдиргендей, бул сүйлөшүүнүн чоо-жайын Трамп өзү Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен болгон жеке маекте айтып берген.
«Ал баарын тартып алгысы келип жатат», — деген Трамп Макронго.
Дал ушул сүйлөшүүдөн кийин АКШ президенти Путинди ачык сындап, Украинага жаңы курал-жарак жөнөтүүнү чечкенин Axios жазат. Бул куралдар тууралуу маалымат бүгүн жарыяланат деп болжолдонууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.