ЖКнын экс-депутаты Өмүрбек Абдырахманов дүйнө салды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов дүйнө салды. Анын 76 жаш куракта эле.
Анын каза болгону тууралуу некролог 14-июлда парламенттин сайтында жарыяланды. Некрологко Жогорку Кеңештин депутаттары кол коюшкан.
Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында төрөлгөн, өзү Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылынан.
1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1974-жыл – Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде катчынын орун басары;
1975–1980-жылдары – Кыргызстан ЛКЖСБнын борбордук комитетинде студенттик отряддардын штабынын командири, Бишкек шаары;
1980–1987-жылдары – Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы мамлекеттик племзаводдо партиялык комитеттин катчысы;
1987–1989-жылдары – Арашан айыл кеңешинин төрагасы;
1991–1993-жылдары – Чүй облустук кеңешинде башкармалыктын башчысы, Бишкек шаары;
1994–2008-жылдары – “Азат мебель” компаниясынын директору;
2007-жылдын марты – “Реформа үчүн” кыймылынын координатору.
2007-жылдын 26-апрелинде Башкы прокуратура 19-апрелде оппозициянын митинги учурунда болгон массалык башаламандыктарды уюштурган деген негизде кылмыш ишин козгогон. Оппозиция өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 233-беренеси боюнча айыпталышкан.
Ушул окуядан кийин ал 2008–2010-жылдары АКШда саясий башпаанек алып жашаган.
2010-жылдын 10-ноябрында V чакырылыштагы Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Акыркы жылдары багбанчылык менен алектенчү.
Коштошуу аземи 15-июлда, саат 10:00дө Бишкек шаарында, Ала-Арча-1 конушундагы 75-үйдө өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.