Мамлекеттик сырды билген жарандар Кыргызстан менен Абхазияда жүрүшөт,- ФСБ

Орусиянын Омск шаарынын үч тургуну чет өлкөгө чыгуу тартибин бузган деп айыпталууда, деп билдирди «Российская газета» басылмасы ФСБнын Омск облусу боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү Ирина Руснакка таянып, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Анын айтымында, алар мамлекеттик сырга ээ болуу уруксаты менен Кыргыз Республикасы жана Абхазияга мыйзамсыз чыгып кетишкен.
 
Аталган жарандарга карата ФСБнын тергөө бөлүмү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 283.2-беренесинин 1-бөлүмү («Мамлекеттик сырды коргоо талаптарын бузуу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Руснак белгилегендей, мамлекеттик сыр менен тааныш болгондуктан чет өлкөгө чыгууга чектөө коюлган жарандар кылмыштык жана административдик жоопкерчилик бар экени тууралуу алдын ала эскертилет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз