«Үйлөр банкта залогдо турат экен»: Ошто «Визион Групптан» үй алгандар компанияга нааразы

Ош шаарынын Ысакбек Монуев көчөсүнүн №136 дарегинде жайгашкан «Визион Групп» курган көп кабаттуу үйлөр эксплуатацияга берилбей,  техникалык паспортору да жашоочуларга бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-июль күнү аталган даректеги көп кабаттуу үйдүн жашоочулары билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алардын айтымында, 35 сотых жер андагы имараты менен кошо банкка күрөөгө коюлуп, чоң суммадагы акча насыяга алынганы үчүн көп маселелер жаралууда.
 
«Ушул үйлөрдү 2019-жылы алганбыз. Алган учурда келишимде,  «2022-жылы үйөр эксплуатациядан өтүп, тех.паспорттору берилет» деп жазылган. Бирок, булар өздөрүнүн айткан сөздөрүн аткарбастан, элди алдап, мына азыр 2025-жыл болуп жатат. Бул жердеги үйлөр 4 юлоктон турат. Деген менен пайдубалы салынып, жаңы салынып турганы да бар. Толук бүтө элек. Ичиндеги кичине шарты түзүп беришкен. Бирок, «сууну киргиз, газды киргиз» деп чуркап жүрүп аларды киргизгенбиз. Бирок, эшиктин алдылары таштанды баскан, балдар ойной турган аянтчалары бүтө элек. Ошондон улам, «Визион Групп» компаниясына ишенбей калдык. Булардын бизге айткан шылтоолорун жаттап да бүттүк»,- деди Алмакан Гульматова.
 
Аталган үйдүн дагы бир жашоочусу Замирбек Шермаматов компания күрөөгө коюп, банктан насыя алган жагдайлар боюнча буларды айтты.
 
«Бул үйлөр жайгашкан жердин 35 сотых жери, имараттары менен чогуу банкка күрөөгө коюлуп, ири суммада насыя алынган экен. Кандай максатта насыя алгандары бизге белгисиз. Ошол насыя убагында төлөнбөй калынган болушу мүмкүн. Ошондуктан, ушул жылдын 12-августуна банк тарабынан аукцион жарыяланган.Ошол күрөөгө коюлган мүлктөрдү сатуу боюнча. Кечээ күнү банктын кызматкерлери келип, жарыяларды илип кетишкен. 12-августта аукцион өтүп, анда мүлктү бирөө жарым сатып ала турган болсо, эл көчөдө калышы мүмкүн. Андыктан, урматтуу өлкө жетекчилеринен ушул маселени чечип беришин суранабыз»,- деди ал.
 
Жашоочулар «Визион Групптун» негидөөчүлөрү жогоруда аталган мүлкттөр күрөөгө коблуп, насыя алынганын өздөрү айтканын, андыктан андагы жашоочулар ара жолдо калышканын айтып, президенттен жана УКМКнын төрагасынан бул маселени чечип берүүнү өтүнүштү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз