УКМК Бишкектеги жолдордун сапатын текшерүүдө

Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштеринде кемчиликтер болушу мүмкүн экени тууралуу маалыматтар социалдык тармактардын кыргыз сегментинде таралууда, – деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 18-июлда.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2024-жылы борбор калаадагы негизги жолдорду оңдоого 1 миллиард 380 миллион сом жумшалган. Ал эми 2025-жылга шаар ичиндеги көчөлөрдү оңдоо үчүн бюджетте 5 миллиард сомго чукул каражат каралган. «Бул көлөм – мурда болуп көрбөгөндөй чоң каржылык каражат. Андыктан аны өздөштүрүү өтө кылдат жана катаал көзөмөлдү талап кылат», – деп белгилешти мекемеден.
 
Мамлекеттик органдар тарабынан алдын ала иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында бир катар экспертизалар дайындалды.
 
«Эгерде техникалык талаптардын бузулганы, көлөмдүн же жумуштун баасынын ашыра көрсөтүлгөнү боюнча фактылар ырасталса, анда мыйзамда каралган чаралар көрүлөт. Жооптуу адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылышы мүмкүн», – деп маалымдашты УКМКдан.
 
Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев транспорт жана курулуш маселелерине жооптуу болгон. Ал Тунгуч кичирайонунун тургундарынын арызынан кийин кармалган. Ага жеке ишкерлерди калкалган деген айып тагылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз