Өзгөн райондук салык кызматынын башчысы кармалды

 

«С.Л.» ЖЧКсына карата салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Өзгөн району боюнча СКнын башчысы О.К.З. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөн району боюнча СКнын башчысы Ормонов Каныбек Зулпукарович болуп саналат.
 
УКМКнын маалыматына караганда, 2023-жылы райондук салык органынын кызмат адамдары «С.Л.» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн жүргүзүлгөн пландан тышкаркы көчмө салыктык текшерүү учурунда аталган субъект менен кылмыштуу келишимге барып, салыктан качуу максатында коррупциялык схеманы уюштурушкан.
 
«Тастыкталган маалыматтарга ылайык, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап төмөндөтүшкөн. Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген», – деп айтылат маалыматта.
 
Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, Өзгөн району боюнча СКнын башчысы «О.К.З.га» Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) айып тагылганы маалым болду.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз