Франция Палестинаны расмий түрдө таанууну чечти

Париж Палестинаны мамлекет катары таанууга даяр. Бул тууралуу 25-июлда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Х социалдык тармагындагы баракчасында билдирди, деп жазат "CentralAsia".

Анын айтымында, бул тууралуу расмий билдирүүнү сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын жаңы сессиясында жасамакчы.
 
Макрондун айтымында, Палестинаны мамлекет катары таануу төмөнкү шарттар менен коштолууга тийиш: толук демилитаризация (куралсыздандыруу) жана палестин тараптан Израилди шартсыз таануу. Ал белгилегендей, көз карандысыз Палестина Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукту камсыздоодо конструктивдүү роль ойной алат.
 
«Франциянын адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча тарыхый милдеттенмесине берилген бойдон, мен Палестинаны таануу чечимин кабыл алдым. Бул тууралуу сентябрь айында расмий жарыялайм», — деп жазды ал Х тармагында, Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббаска арналган катты да тиркеп.
 
Ошондой эле Макрон дароо ок атууну токтотууга, бардык барымтага алынгандарды бошотууга жана Газа тилкесине кеңири масштабдуу гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырды. Ал ХАМАСты куралсыздандыруу, инфраструктураны калыбына келтирүү жана аймакта коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.
 
Палестин тарап француз лидеринин чечимин колдоп чыкты. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул кадамды «террор үчүн сыйлык» деп атап, ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулун эске салды.
 
«Азыркы шартта палестин мамлекетин түзүү — бул тынчтыкка карай кадам эмес, Израил үчүн коркунуч. Палестиналыктар Израиль менен коңшу болууну эмес, аны алмаштырууну каалашат», — деп айтылат Израил премьеринин билдирүүсүндө.
 
Бүгүнкү күндө БУУга мүчө 193 өлкөнүн ичинен 140тан ашууну Палестинаны мамлекет катары тааныйт. Акыркы болуп 2024-жылы Испания, Ирландия жана Норвегия тааныган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз