«Крокус Сити Холлдогу» жардыруунун уюштуруучулары маалым болду,- ЖМК
«Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт боюнча тергөө террористтердин жетекчилеринин ким экенин аныктаганын ТАСС жазып чыкты, деп жазат "CentralAsiа".
Иштин материалдарына ылайык, чет өлкөдө жүргөн Беков А. И. жана Хикматов А. М. «Орусиядагы абалды туруксуздаштыруу максатында Украинанын жогорку саясий жетекчилигинин кызыкчылыгында аракеттенишкен». 2023-жылдын 1-июнунан тартып алар Москва менен Каспийск шаарларында теракт жасоого даярдык көрүшкөн (Каспийскидеги теракттын алдын алуу мүмкүн болгон), ошондой эле террорчул идеологияны туткан адамдарды кылмыштуу ишке тартып, аларды Орусияда тыюу салынган «Вилаят Хорасан» уюмуна ант бердирип, мүчө кылышкан.
«Беков А. И., Хикматов А. М. жана Сайфулло, Ахи деген каймана ат менен белгилүү болгон белгисиз уюштуруучулар 2023-жылдын 1-ноябрынан 2024-жылдын 5-мартына чейинки аралыкта уюшкан топтун курамында Украинанын жогорку саясий жетекчилигинин кызыкчылыгында, материалдык сыйлык үчүн кылмыш объектисин — “Крокус Сити Холл” концерттик залын тандап алышкан», — деп айтылат иштин материалдарында.
Теракт 2024-жылдын 22-мартында жасалган. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, 149 адам каза болуп, бирөө дайынсыз жоголгон, 609 жаран ар түрдүү жаракат алган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.