Имамидин Ташовго соттун өкүмү чыкты
25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «KG Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов боюнча чечим чыгарды.
28-июлда «АКИпресс Сводка» редакциясына Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ташов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-326-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга даярдануу»), 34-берене 2-бөлүм 2-пункту, 327-берене («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар»), жана 378-берене 1-бөлүмү («Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча күнөөлүү деп табылды.
Ал 9 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү мамлекетке конфискацияланды.
Имамидин Ташов 2024-жылдын апрель айында Кайыңды айылында УКМК тарабынан кармалган. Ал буга чейин бийликти күч менен басып алууга аракет кылганы үчүн издөөдө жүргөн. Камакта отурган маалда, санкция маселеси каралып жатканда, Ташов курч буюм менен өзүнүн тамагын кесүүгө аракет кылган. Конвоирлер анын аракетине жол бербей, аны ооруканага жеткиришкен. Ал жерден медициналык жардам алып, андан соң амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.