"Келечек" базары 31-июль күнү көчүрүлөт: Мэр 400 соода түйүнү бекер берилерин айтты

Жаңы "Жибек-Жолу" базарынан 400 соодагерге бекер соода түйүнү берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 30-июль күнү "Келечек" базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, "Жибек-Жолу" базарында мэриянын 382-400 оруну бар. Ошол жактан 400 соодагерге бекер соода жайы берилет.
 
"Жибек-Жолу" базарынан 400 соода түйүнү акысыз берилет",- деди ал.
 
Деген менен соодагерлер ага нааразы болуп, 400 түйүн баарына жетпестигин билдиришти.
 
"400 орун акысыз берилет. Калгандары ал жактан соода түйүндөрүн алып бүтүшүптүр. Болду, эртеңден баштап көрөсүңөр",- деди мэр.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз