Ош мэриясы муниципалдык таксопарк түзүүнү көздөөдө
Бүгүн, 30-июль күнү 2025-жылдын январь-июнь айларындагы Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары - коллегиялык жыйын өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Б. Баетов, вице-мэрлер, Ош ШИИБдин башчысы, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомго 119 атайын техника алып келинди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев билдирди.
Анын айтымында, атайын техникаларды жакынкы арада пайдалууга берилет.
"Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевичтие, УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин жардамы менен шаарга 500 млн акча берилди эле. Ал акчага 119 атайын техника келди.
ГАИлер менен эртеңден келишим түзөбүз. Шаардагы жеке эвакуаторлордун ордуна биздин техникалар иштейт. Жанагы айып пул жайына 2,5 миң пулдун 1,5 миң сому шаардын бюджетине түшөт",- деди мэр.
Ал ошондой эле шаарда муниципалдык таксопарк түзүлөрүн кабарлады.
"Мактанып коёюн, буюрса, жакында 50 даана электромобиль келет, муниципалдык такси парк ачабыз. Андан да шаардын бюджетине акча түшөт. Эмне үчүн биз таксопарк ачпашыбыз керек? Мэрия да ошол кызматты көрсөтөт",- деди мэр.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.