Кеңешбек Сайназаров: ЖОЖдор алгачкы жылдары мектептин программасын эмес, шарт эле кесиптик билим бере башташ керек
Быйыл Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өткөнүн расмий жарыялады. Бул демилге 20 жыл башта көтөрүлгөн менен былтыры, 2024-жылы официалдуу иш башталган. КР Агартуу министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул системага өтүүдө Сингапурдун усулу колдонулууда. Көп жылдан бери талкууланып келген бул өнөктүк реалдуу башталганы менен алдыда кандай ийгиликтерди жаратып, кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрөт деген маселелер ачык бойдон турат. Ушул өңдүү суроолорду билим берүү боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаровго сунуп, анын жарандык оюн уктук.
-Кеңешбек мырза саламатсызбы? Ошентип Кыргызстан 12-класстык билим берүүгө өттү. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
-Мен 12 жылдык билим берүү зарыл беле же зарыл эмес беле деген маселенин тегерегинде аракет кылып көрөйүн. Эгер концепциясы туура болсо, анда бул аябай эле ыңгайлуу оңой жасала турган нерсе деп ойлойм. Себеби бул жерде биринчиден бүгүнкү күндөгү көптөгөн көйгөйлөрдү чечсе болот эле. Окуу программасын балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жарага түзүп, анан азыркы учурдагы жаштардын табиятына жараша окуу куралдарынын мазмунун өзгөртүп, андан сырткары, ошого жараша кылып мугалимдерди окутуу керек болчу. Анан эң негизгиси – балдарды бир тизимде алып барып туруп, окууну бүткөндөн кийин кесиптик техникалык окуу жайларда окутуп, ал жактан кыска, бирок техникалык билим алууга ылайыктап, анан калгандарын ЖОЖго жөнөтсө жакшы болот эле деп ойлойм. Ошондой болсо керек деп үмүттөнөм, ушундай кылып атышса керек.
-Мындай билим берүүнүн артыкчылыгы эмнеде деп түшүндүрүп атышат? Сиз ошого ынанып атасызбы?
-Мен көргөн, уккан нерселер туура боло турган болсо, бул – биздеги үч нерсени айтат элем. Биринчиси – бүгүнкү күндө биздин балдарыбыз акыл жагынан кыйла өнүккөн. 4-5 жашка барган кезде эле маалыматтарды кантип издеш керек дегенди билишет. Мисалы: телефон аркылуу ютубга кирип, өзүнө жаккан ар кандай видеолорду таап, материалдарды көрө алган муун өсүп атпайбы. Анан 6-7 жашка барган балдарды “А-та, ат-ка та-ка как” деп үйрөтө турган болсок, анда балага кызыксыз болуп калат го деп ойлойм. Ошого жараша бала менен эртерээк байланыш түзүп, билимин өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлсө жакшы болсо керек. Экинчиси – орто мектептерди айтсак болот, бала мектепке келген мезгилде анын жөндөмүнө жараша гуманитардык болобу же техникалык жагына кызыгабы, ушул жаатка ыктатуу керек. Үчүнчүсү – мен жогоруда айткандай, бардык эле бүтүрүүчүлөр университеттерге барып окубайт. Көпчүлүгү кесиптик билим алгысы келет. Демек аларды отургузуп алып, кесибине керексиз болгон оор сабактарды берип кыйнагандан көрө, баланын кызыккан тармагы боюнча гана окутсак жакшы болмок. Бала электр тармактарына кызыгып атабы, электрикке тиешелүү болгон сабактарды берсек, ошондо биз ЖОЖго окууга чындап кызыккан 20-30 пайыз бүтүрүүчүлөрдү алып калабыз. Ошону менен кийинки тизим ЖОЖго тиешелүү болот деп ойлойм.
Анан дагы бир нерсени эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мурда университетти 5 жыл окучубуз, азыр 4 жыл. Бирок анын дагы 1 же 1,5 жылдык убактысын мектепти бүтүп келгенден кийин жалпы предметтер боюнча окутуп атабыз. Ошону да алып сала турган болсок, анда университеттерге барганда, мисалы: журналистика дейли, ушуга гана тиешелүү боло турган бийик деңгээлдеги предметтерди окутат элек. Анан адистиктер ошого дайынданып чыгат болчу деген идеяны айткым келет. Мен азыр 3 негизги нерсени айттым, менин укканым боюнча ушуларды даярдай турган болсо, абдан эле жакшы болот деп ойлойм.
-Кеңеш мырза, сиз АКШда окуп келгенсиз. Азыр коомчулукта, мектепти бүткөндөн кийин чет мамлекеттерде 12-классты бүткөндүгү тууралуу аттестатын же колледжди бүткөндүгү тууралуу дипломун талап кылат дегенди негиз кылышууда. Ушул туурабы же 11-классты бүткөн дипломдор менен деле тапшырса болобу? Кенен түшүнүк бере кетсеңиз?
-Башка мамлекеттерге окууга жөнөтөөрдө биз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Бул деген – даярдык, анан тил маселеси. Бизден кайсы мамлекетке кандай гана балдар барбасын, аларда тил боюнча даярдык баарыбир керек болуп калып атат. Мектепти 12 эмес, керек болсо 14 жыл окуса дагы, мисалы: сабактардын баарын немис тилинде өткөн Германияга барганда тил билбесе болбой калат да. Ошол үчүн барганда ал жакта бир жыл даярдоо курсунан өтүп атышат. Ушул эле нерсе башка мамлекеттерге да тиешелүү. Кытайды деле өзүңөр көрүп жүрөсүңөр, тил курстарын өткөндөн кийин бир жылдан соң акырындап барып негизги сабактарын ала баштайт. Бул жагынан алып караганда 12 жылдык окууну бүткөндөн кийин эле чет мамлекттердеги окуу жайларга түздөн түз кабыл алат деген түшүнүк бир аз тайкы болуп калабы деп божомолдойм. Мен бакалавриат деңгээлиндегини айтып атам да.
-Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Каракозуев
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.