"Келечек" базарындагыларга жаңы жер берилет

Бүгүн, 4-август күнү Ош шаарынын мэри Ж. Токторбаев  "Келечек" базарынын соодагерлери менен "Жибек-Жолу" базарынын жанына жолугушту.
 
Анда мэр чогулган соодагерлерге "Жибек-Жолунун" жанындагы беде эгилген жерди көрсөтүп: "Бул жерге подрядчик табылды. Бетиндеги топуракты алат. Асфальт басат. Анан азырынча силер иштеп тургула. Бүгүн электр энергиясын берилет. 
 
Анан бул жерге асфальт басылып, коммуникациясы бүткөндөн кийин силерди чакырабыз, контейнерлериңиздерди жайгаштырасыздар. Узагы менен 15 күндө бүтүрөбүз, даяр туруңуздар",-деди мэр. 
 
Андан ары Токторбаев биринчи вице-мэрге кайрылып, "Келечек" базарына суу, электр энергиясын улап берип коюуну тапшырды.
 
Буга чейин "Келечек" базарын көчүрүү маселеси көтөрүлүп, акыркы жолу алар 31июль күнү көчмөй болушкан. Бирок, базар соодагерлери жаңы базарга көчпөй, өз орундарында күнү-түнү калышкан.
 
Аталган базарда ижара шартында иштеп жаткан 300дөн ашык соодагерге "Жибек-Жолу" базарынан акысыз соода орундары берилгенин мэрия кабарлаган болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз