Кыргызстанда 7 млн калктын ичинен 5,5 млну кыргыздар, - Улуттук статистика комитети

Иллюстрациялык сүрөт

2025-жылдын башында Кыргызстандын калкынын 77,8%ын кыргыздар түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
 
Бул көрсөткүч 7 млн 281,8 миң адамдын ичинен 5 млн 666,1 миң адамга туура келет. Акыркы төрт жылда кыргыздардын жалпы калктагы үлүшү 4 пайызга өсүп, 2021-жылы 73,8% болгон.
 
Экинчи орунда калктын саны боюнча өзбектер турат — алар 14,2% же 1 млн 39,5 миң адамды түзөт. Үчүнчү орунда орустар — 3,8% же 272,8 миң адам.
 
Андан кийинки улуттар:
 
дунгандар — 1,0% же 70,3 миң
 
тажиктер — 0,9% же 63,5 миң
 
уйгурлар — 0,5% же 34,4 миң
 
казактар — 0,4% же 29,2 миң
 
азербайжандар жана түрктөр — ар бири 0,3%, же 18,2 миң жана 23,7 миң тиешелүүлүгүндө
 
корейлер жана Индия менен Пакистандын элдери — ар бири 0,1%, же 6,1 миң жана 8,3 миң
 
башка улуттар — 0,4%
 
2021-жылдан бери көпчүлүк этностук топтордун саны кыскарган, бирок тажиктер, түркмөндөр жана өзбектердин саны тескерисинче көбөйгөн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз