Орусия орто жана андан төмөнкү аралыктагы ракеталарды жайгаштыруу боюнча бир тараптуу мораторийден баш тартты

ОФ ТИМ.

Орусия орто жана андан төмөнкү аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга бир тараптуу мораторийден баш тартты. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө айтылат, деп жазат "CentralAsia".
 
Мындай чечимге министрлик Россияга чектеш аймактарда «коллективдүү Батыш» тарабынан «тұрактуулукту бузган ракеталык мүмкүнчүлүктөрдүн» көбөйүшүн негиз катары келтирди.
 
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, мындан ары Орусиянын жетекчилиги АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнүн орто жана андан төмөнкү аралыктагы ракеталарды жайгаштыруу абалын талдап чыгып, өз ракета системаларын жайгаштыруу боюнча чечим кабыл алмакчы.
 
Орусия РСМД келишими (Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу келишими) күчүн жоготкондон кийин, мындай ракеталарды жайгаштырбоо боюнча бир тараптуу мораторий жарыялаган. Москва НАТОнун өлкөлөрү ракета жайгаштырмайынча, өзү да мындай кадамга барбай турганын билдирген.
 
Бирок 2024-жылы Орусиянын ТИМи мындай куралдарды өндүрүү кайра жандана турганын расмий түрдө билдирген.
 
2024-жылдын жай айларында АКШ Германиянын аймагына узак аралыктагы куралдарды убактылуу жайгаштыруу планын жарыялагандан кийин, Орусиянын президенти Владимир Путин мораторийден баш тартарын эскерткен болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз