Жер титирөө: ӨКМ Жалал-Абадда жабыркаган объектер боюнча маалымат берди

Зилзаланын кесепетинен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгында коңгуроо абалы жарыяланды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды баалоо жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ жөнөтүлдү.
 
Саат 21:00гө карата маалымат:
 
Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл аймагында 2 турак жай жабыркаган, Сузак районундагы Кызыл-Кол айыл аймагында А. Жапарбаев атындагы мектептин спорт залы жабыркаган.
 
Тактоо иштери улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз