АКШнын Жээк күзөт кызматы "Титан" батискафынын кыйрашынын себептерин ачыктады
«Титан» батискафынын «Титаниктин» калдыктарына түшүп бара жатып кырсыкка учурашынын башкы себеби — анын ээси Стоктон Раш коопсуздук эрежелерин жана мындай жабдууларга коюлган техникалык талаптарды одоно жана системалуу түрдө тоготпогондугунда. Бул тууралуу АКШнын Жээк күзөт кызматы шейшемби күнү жарыялаган отчетто айтылат, деп жазат "CentralAsia".
«Титан» 2023-жылдын июнь айында төрт чакырымга жакын тереңдикте суунун басымынан улам майдаланып кеткен.
Анын бортунда өзү Стоктон Раш, пилот Поль-Анри Наржоле жана үч жүргүнчү — «Титаникке» түшүү үчүн жүз миңдеген доллар төлөгөндөр болгон: британиялык бизнесмен жана саякатчы Хэмиш Хардинг, ошондой эле пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулеман менен чогуу. Баары ошол замат мерт болушкан.
Отчеттун авторлору «Титан» «конструкциянын бүтүндүгүнүн бузулганынын» айынан майдаланып калганын, натыйжада ичиндегилер 1 чарчы сантиметрге болжол менен 350 килограммдык басымдан улам дароо каза болушканын белгилешет.
Адистердин пикиринде, «Титандын» корпусу — мурун жана куйрук жагы титан, ал эми ортосу катмарланган көмүртек була (углеволокно) менен капталган — башынан эле кооптуу жана конструкциялык жактан кемчиликтүү болгон. Ошол эле учурда Стоктон Раш бул аппаратты тиешелүү текшерүүлөрдөн жана эрежелерден кантип болсо да алып өтүүгө аракет кылып келген.
Отчетко ылайык, Раш мындай жолго өзүнүн OceanGate компаниясынын оор каржылык абалынан улам барган. Компаниянын мурдагы кызматкерлеринин айтымында, аларга маяналар убагында берилбей, ал эми ири суммада акча төлөгөн, бирок убагында сууга түшүү кызматына ээ боло албаган кардарлар сотко кайрылабыз деп коркутушкан.
Мындай шартта Раш кымбат төлөгөн VIP-кардарлардын талабын аткарабыз деп, кызматкерлерге ашыкча басым жасап, коопсуздук техникасын эске албоого мажбурлаган. Докладда белгиленгендей, ал «улук кызматкерлерди жумуштан алуу жана кызматкерлерди коркутуу аркылуу алардын кооптонууларын жашырууга жетишкен уулуу (токсиктүү) иш атмосферасын түзгөн».
Эгер Раш бул кырсыктан тирүү калганда, Жээк күзөт кызматынын тергөөчүлөрү АКШнын Адилет министрлигине ага каршы кылмыш ишин козгоо маселесин кароону сунуштамак.
Адистердин божомолунда, «Титандын» корпусу эки жердин биринде жарака кетиши мүмкүн: же углеволокно бөлүгү менен титан бөлүгүн бириктирген жерден (аппараттын мурун жагында), же ошол эле мурун жагындагы углеволокнонун өзүндө.
300дөн ашык барактан турган отчетто кырсыктын негизги себептери, жыйынтыктары жана суу астындагы аппараттарга көзөмөлдү күчөтүүгө, ошондой эле укуктук боштуктарды жоюуга багытталган 17 сунуш камтылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.