Кыргызстанда күчү 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-августта саат 19:44тө (жергиликтүү убакыт боюнча) Кыргызстан аймагында MSK-64 шкаласы боюнча 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 баллга, ал эми Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилди.
Азыркы тапта Сейсмология институту кошумча так маалыматтарды тактап жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде окуя болгон жерде иш алып баруу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
Кошумча маалымат берилет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.