Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча билдирүү таратты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев 7-августта социалдык тармактагы баракчасында 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон окуялардын кезектеги жылдыгына карата кайрылуу жасады, деп жазат "АКИпресс".

Ал учурда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгү Атамбаевди Азиз Батукаев аттуу «мыйзамдагы уурунун» мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка мажбурлап алып келүүгө аракет кылган. Натыйжада башаламандык чыгып, анын жүрүшүндө «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болгон.
 
Алмазбек Атамбаев өз кайрылуусунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү 5 жылдан ашык убакытка созулганын эске салды. Анын пикиринде, жазага тартылышы керек болгондор – мурунку президент Сооронбай Жээнбеков, мурунку ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана мурунку УКМК башчысы Орозбек Опумбаев болгон.
 
Соттун өкүмү менен бул жерден таанышсаңыз болот.
 
Атамбаев бул ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо зарыл деп эсептейт. Ал бул өтүнүч менен өлкө жетекчилигине кайрылганын, бирок жооп болбогонун билдирди. Ошондой эле Атамбаев өзү, тарапташтары жана адвокаттары менен чогуу эл аралык сотко чыгууга даяр экенин билдирди.
 
«Мурунку президент катары мен билем: ар кандай себептерден улам кээде мамлекет башчысын да алдыга чыккандар туура эмес маалымат менен адаштыруусу мүмкүн. Эл ичинде айтылгандай, үмүт акыркы болуп өлөт, мен дагы деле болсо президент Садыр Жапаров айыпталуучулардын коргоо тарабынын жүйөлөрү менен далилдерин карап чыгууга убакыт табат жана адилеттүү чечим кабыл алат деп ишенем», – деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз