Путин БАЭ Трамп менен жолугушуу үчүн ыңгайлуу жер болорун билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен боло турган келечектеги жолугушуусунун орду катары Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) «толугу менен ылайыктуу жер» деп атады, деп жазат "CentralAsia".

«Бизде ушундай жолугушууларды уюштурууга жардам берүүгө даяр досторубуз көп. Алардын бири — БАЭнин президенти. Менимче, биз бул маселени чечебиз, бирок ал (БАЭ) ушундай жолугушуу үчүн толук ылайыктуу жер болмок», — деди Путин Кремлде, Орусияга келген БАЭ президенти менен жолугушуу учурунда журналисттерге.
 
Путин ошондой эле, Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушууга каршы эмес экенин, бирок ал «көп жолу айткандай», адегенде «белгилүү шарттар түзүлүшү керек» экенин, ал шарттарга жетүү «азырынча алыс» экенин кошумчалады.
 
Орусия президентинин айтымында, Дональд Трамп менен жолугушууга эки тарап тең кызыкдар. Анын жардамчысы Юрий Ушаков бул жолугушууну АКШ тарабы сунуш кылганын билдирген. Ал эми Ак Үй бул сунушту орус тарап кылганын айткан.
 
6-августта Владимир Путин Кремлде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффту кабыл алган. Ал эми 7-августта президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу даярдалып жатканын билдирген. Бул жолугушуу 11-17-август аралыгында өтүшү мүмкүн. Анын айтымында, жолугушуунун орду макулдашылган, бирок ал кийинчерээк жарыяланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз