Владимир Путин Садыр Жапаровго Украина боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди

Президент Садыр Жапаров 10-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Путин Жапаровду Украина кризисин жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон акыркы дипломатиялык байланыштардын жүрүшү тууралуу маалымдады.
 
Садыр Жапаров берилген маалымат үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди жана бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдоорун билдирди.
 
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эл аралык жана регионалдык бирикмелер алкагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
 
15-августта АКШнын президенти Дональд Трамп Аляскада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Эки өлкөнүн лидерлери Украинадагы аскердик кагылышты узак мөөнөттүү жөнгө салуу варианттарын талкуулашат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз