Бишкекке АКШдан депортацияланган 25 жаран кайтып келди

Иллюстрациялык сүрөт.

9-августта АКШдан атайын рейс менен миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн депортацияланган 25 кыргызстандык Бишкек шаарына келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады, деп жазат "АКИпресс".
 
Депортациянын тартибине жараша, мындай жарандарга АКШга кирүүгө 5, 10, 15 жыл же түбөлүк тыюу салынышы мүмкүн. Өлкөгө мыйзамсыз кайтып келүүгө аракет кылуу кылмыш жоопкерчилигине алып келиши ыктымал.
 
Министрлик АКШ аймагында мыйзамдуу негиздерсиз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерден качуу үчүн өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайт.
 
Ошондой эле министрлик кыргызстандыктарды АКШга сапар пландаштырганда бул жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоого жана зарыл учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз