10-сентябрдан баштап Орусиядан 91 миң кыргызстандык чыгарылышы мүмкүн, - ТИМ
Орусиядагы көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 91 миң кыргызстандык кирет. Бул тууралуу ТИМ өкүлү Алмазбек Бийбосов маалымат жыйынында билдирди, деп жазат "АКИпресс".
Анын айтымында, көзөмөлдөгү адамдарды каттоо механизми киргизилген учурда тизмеде болжол менен 70 миң адам болгон.
«Быйыл июль айынын жыйынтыгында алардын саны 113 миңге жеткен. Андан соң бул көрсөткүч 103 миңге азайды. Азыркы тапта тизмеде 91 миң адам бар. Бул — сиздер жана биз биргелешип жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы», — деди ал.
Бийбосовдун айтымында, бул тизмек күнүнө бир нече жолу жаңыртылып турат, ошондуктан сан өзгөрүп турушу мүмкүн.
Кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин Орусиядагы жүрүшүн мыйзамдаштыра алышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.