Кыргызстандык ырчы Орусияда өткөн эл аралык сынакта 1-орунду камсыздады
Кыргызстандык ырчы Аэлита Таалайбекова 8–10-августта Тыва Республикасынын борбору Кызыл шаарында өткөн «Алдын согун — Алтын жебе» аттуу эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эл аралык «Алдын согун» сынагы биринчи жолу өткөрүлүп, Тыванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырындын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочулар жылына арналды.
Сынакка Казакстан, Башкортостан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашуун ырчы катышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.