Жарандарга кыргыз тилин билбегенү үчүн айып пул салынбайт,- Мелис Мураталиев

Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар бузулган  учурда айып пулдар каралган, бирок бул кыргыз тилин билбеген бардык адамдарды айыпка жыгуу дегенди түшүндүрбөйт. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Биринчи радио» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда коомдо тил мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча туура эмес түшүнүк бар: адамдар кыргыз тилин билбегендердин баарын айыпташат деп ойлошот.
 
Мындан тышкары, төрага мыйзам долбоору бардык тармактарда мамлекеттик тилдин ролун күчөтүүгө багытталганын кошумчалады. Мураталиевдин билдиргенине караганда, мындай өзгөрүүлөр кыргыз тилинин статусун бекемдөөгө жана анын бардык чөйрөлөрдө колдонулушун жогорулатууга тийиш.
 
Анын айтымында, тейлөө тармагында кардардын каалоосуна жараша эки тилди колдонууга уруксат берилет, бирок, иш кагаздары, анын ичинде келишимдер, кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Эгер мурда мамлекеттик жана жеке уюмдар иш кагаздарын мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүүнү тандаса, азыр эки тилде тең жүргүзүү талабы киргизилди.
 
Президент Садыр Жапаров 11-августта кыргыз тилин колдонуу маселелерине байланыштуу мыйзамдар пакетине кол койду. Түзөтүүлөргө ылайык, бир катар тармактарга — иш кагаздарынан жана жарнамадан тартып, ЖМКга чейин — өзгөртүүлөр киргизилип, айрым кызмат орундар үчүн кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүү талабы жана тил мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пулдар каралды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз