Садыр Жапаров Көк-Жардагы үйлөрдүн бузулушу боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн бузулушу боюнча комментарий берди.

 Анын айтымында, ал мыйзамсыз жер участокторун ээлеп, ага үйлөр куруп алган жарандардын көйгөйлөрү менен иштей баштаган.
 
«2005-жылдан, революциядан кийин, ондогон миңдеген адамдар өз алдынча жерлерди ээлеп, ага турак жай кура башташкан. Алар ар кандай айылдарга, негизинен Ош жана Бишкек шаарларынын айланасына отурукташышкан. Алардын көбүнүн колунда “кызыл китеп” болгон эмес, жашаган дарегин каттай алышкан эмес, балдарын мектепке же бала бакчага бере алышкан эмес, шайлоого катыша алышкан эмес. Эл “кой кайтарган чабан же жөнөкөй жумушчу катары эле көрүшөт, толук кандуу жаран катары эсептешпейт” деп даттанышчу.
 
Абалды изилдегенден кийин мен чечим чыгардым — 2021-жылга чейин үй куруп, анда жашап келген адамдар үйлөрүн мыйзамдаштыра алат. Ал эми бул жылдан кийин мыйзамсыз жер ээлеп, үй кургандарга эч кандай жеңилдик берилбейт. Ошентип, биз 15 жылдан бери ар кандай жаңы конуштарда жана айылдарда жашаган элдин үйлөрүн мыйзамдаштырдык», — деди ал.
 
Жапаровдун айтымында, бул иштерге тиешеси бар шылуундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазага тартылган.
 
«Жергиликтүү бийлик органдары бош жаткан жерлерди мурда бөлүнгөн участоктор катары көрсөтүп берип, үй курууга шарт түзүп беришкен. Албетте, өз кызыкчылыгы үчүн. Шылуундар болсо жасалма документтер менен карапайым элди алдап, жерлерди сатып келишкен.
 
Кийин алардын баары кармалып, камакка алынды. Мисалы, Аламүдүн районунун акими жана башка орто деңгээлдеги чиновниктер, ошондой эле шылуундар. Мындай учурлар көп. Айрым “эпчил” жарандар пайдубал куюп, дубал тургузуп, чатыр жаап, “мен баштап койдум, баары бир мыйзамдаштырышат” деген шылтоо менен ар кандай курулуштарды курушкан. Албетте, алардын арасында чынчыл адамдар да болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүгү — 2021-жылдан кийин үй же ар кандай дүкөн кургандар», — деди президент.
 
Мамлекет башчысынын айтымында, баарын мыйзамдаштыруу адатка айланып кетсе, бош жер калбайт.
 
«Эгер өзүбүздү азык-түлүк менен камсыз кыла албасак, башка өлкөлөргө көз каранды болуп калабыз. Азыр деле айрым азык-түлүк түрлөрү боюнча толук камсыз боло албай жатабыз.
 
Ошондуктан ар бир жаранга кайрылам: айдоо жерлерди басып алып, ар кандай курулуштарды тургузууну токтоткула. Айрымдарыңар турак жай маселесинде кыйын абалда экенин билем. Ошондуктан Мамлекеттик ипотекалык компанияга өзгөчө көңүл бурулуп жатат, анын шарттарын мүмкүн болушунча ийкемдүү кылууга аракеттенүүдөбүз.
 
Үй курууга бөлүнгөн жерлерде жок дегенде көп кабаттуу үйлөрдү куруп берүү керек. Бир адамга бөлүнгөн жерге он үй-бүлө батса болот. Бизден кийинки муун да жашай ала тургандай мүмкүнчүлүк калышы керек.
 
Альтернативдүү сунуш боюнча мен дайыма мэрлерге айтам: үйлөрү бузулган жарандарды турак жайсыз калтырбай, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезексиз батир бергиле. Эгер мындай адамдардын чындап башка жашай турган жери жок болсо, МИК аларды турак жай менен камсыздайт. Ал эми кимдир бирөө кандай гана ыкма менен болбосун жер алууга аракет кылса, алар дароо аныкталат.
 
Алардын иш-аракеттери ачыкка чыгат. Өлкөдө тартип болушу керек. Тартип болбосо, мамлекет өнүкпөйт, ал эми тартипсиз өлкөдө ар дайым башаламандык болот.
 
Ошто кимдир бирөө суу каналынын үстүнө эле үй куруп алган. Шлюзду көтөрүү же түшүрүү үчүн бирөөнүн үйүнө кирип, ичинен иштөөгө туура келет. Бул кандай абсурд? Мындай көрүнүш башка эч бир өлкөдө жок чыгар», — деди ал.
 
5-августта Октябрь райондук акимиаты Көк-Жар айылындагы №172 контурда мыйзамсыз курулган объектилерди бузууга киришкен. 6-августта да бузуу иштери уланган. Муниципалдык кызматтардын мындай аракеттери айрым жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жараткан. Алар шаар бийлиги жерлер трансформациядан өтпөгөндүктөн, үйлөрүн бузуп салышы мүмкүн деп кооптонушкан.
 
Ошол күнү бир нече адам Ахунбаев — Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жолду мыйзамсыз тосуп салышкан. Бул факт КР Жазык кодексинин 279-беренеси («Жолдорду мыйзамсыз тосуу») боюнча катталып, шектүү катары 5 адам кармалып, кийин алар 17-августка чейин СИЗО-1ге камакка алынган.
 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз