Кремл Путин менен Трамптын сүйлөшүүлөрүнүн башталган убагын жана катышуучуларын атады
Орусиянын жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскадагы сүйлөшүүлөрү 15-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да (МСК боюнча 22:30) котормочулардын катышуусунда тет-а-тет форматында башталат. Бул тууралуу орус лидери Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков «КоммерсантЪ», РБК жана башка орус ЖМКларына маалымдады, деп жазат "CentralAsia".
Саммит аскер базасынын жанындагы мемориалдык көрүстөндө өтөт.
Анын айтымында, андан кийин сүйлөшүүлөр делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген форматта уланат.
«Саммиттин күн тартибине келсек, баарына айкын — борбордук тема Украина кризисин жөнгө салуу болот. Ага 6-августта Кремлде АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун катышуусунда өткөн талкуу да эске алынат», — деди Юрий Ушаков.
Орус делегациясынын курамына ТИМ, Каржы министрлиги, Коргоо министрлигинин жетекчилери — Сергей Лавров, Антон Силуанов жана Андрей Белоусов, Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы, президенттин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев, ошондой эле Юрий Ушаков кирди. АКШ делегациясынын курамы азырынча ачыктала элек.
Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөрдүн узактыгы азырынча белгисиз, бул президенттерден көз каранды болот. Владимир Путин менен Дональд Трамп эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана глобалдык коопсуздук маселелерин да талкуулайт. Лидерлер жолугушуунун башында «бир нече сөз» айтып, жыйынтыгында журналисттер үчүн биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүшөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.