Жеңиш чокусунун аймагында аскердик тик учак араң конгон
Победа чокусу аймагында 16-августта Кыргызстан Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы (борттук номери 205) катуу конду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, экипаж каза болгон жана жабыркаган альпинисттерди эвакуациялоо үчүн учкан. Конуу бийик тоолуу шартта жана татаал аба ырайында болгон. Бортто экипаж мүчөлөрү жана операцияга тартылган тоо-куткаруучулар болгон. Бардык жүргүнчүлөр жана экипаж аман калган, бирок бир нече адамдын ар кандай деңгээлдеги жаракаттары бар экени, алар өмүрүнө коркунуч жаратпашы белгиленди.
Жабыркагандарды эвакуациялоо үчүн окуя болгон жерге тиешелүү адистер жөнөтүлдү. Коргоо министрлиги куткаруу операциясын улантууда жана жеке курамдын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле эвакуациялык иш-чараларды бүтүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.