Бир нече жолу алдамчылыкка шектелип, изделип жаткан жаран кармалды
Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 19-августта алдамчылыкка шектелген адам кармалды.
7-февралда Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө фермер арыз менен кайрылган. Анын айтымында, алдамчылык жолу менен андан жалпы баасы 300 миң сом болгон 15 тонна 220 кг арпаны алып кетишкен. Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн такташкан. Ал 1983-жылы туулган К.У. аттуу жаран болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө ага карата ушундай эле арыздар дагы бар экени аныкталган.
Шектүү изделип, 14-августта ал кармалган.
Милиция башка кылмыштардын болушу мүмкүн экенин да четке какпайт. Ошондуктан укук коргоо органдары бул жарандан жапа чеккендер же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор төмөнкү телефондорго кабарлап берүүнү суранат: 0 (312) 36-35-23, 0 (312) 36-35-27, 0 (990) 38-09-80.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.