Трамп украин маселеси боюнча Европанын лидерлери жана Зеленский менен жолукту

АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский жана европалык жетекчилер менен Украинадагы жаңжалдын жөнгө салуу жолдорун талкуулады. Бул тууралуу "DW" басылмасына шилтеме берүү менен "CentralAsia" басылмасы жазды.

Жолугушууга Украина президенти Владимир Зеленский, Франция президенти Эммануэль Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Италиянын премьер-министри Жорджия Мелони, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германия канцлери Фридрих Мерц, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте катышты.
 
Зеленский америкалык президент менен сүйлөшүүнү жогору баалады:
«Биз президент Трамп менен абдан жакшы сүйлөштүк, бул эң мыкты сүйлөшүү болду — ой, кечиресиз, балким эң жакшысы алдыда болот». Анын айтымында, жолугушууда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери талкууланган.
 
Трамп келишимге жетүүгө ишенимин билдирди:
«Бул абдан маанилүү кадам — Путин Орусия Украинага коопсуздук кепилдиктерин кабыл аларын макулдады. Бул талкууланышы керек болгон негизги пункттардын бири, биз муну сүйлөшүү столунда карайбыз, анын ичинде — ким жана так эмне кылат деген маселени».
 
Зеленский ошондой эле Ак үйдөгү аскердик карта тууралуу айтты:
«Айтмакчы, карта үчүн рахмат. Жакшы карта, абдан сонун. Мен аны өзүм менен кошо ала кетсем болмок».
 
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Киев үчүн америкалык кепилдиктердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Еврокомиссия төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул позицияны колдоп, Орусиядан украиналык балдарды кайтаруу зарылдыгын да кошумчалады.
 
Германия канцлери Фридрих Мерц ок атууну токтотуу зарылдыгын айтты:
«Мен кийинки жолугушуу ок атууну токтотуу режимисиз өтүшүн элестете албайм». Ал ошондой эле Орусияга басым жасоо маанилүү экенин белгиледи.
 
«Бул столдун башында отургандардын баары — тынчтык үчүн», — деди Франция президенти Эммануэль Макрон, бул маселеде сөз Украина жана бүтүндөй Европанын коопсуздугу жөнүндө болуп жатканын белгилеп.
 
Пресс-конференцияда Макрон төрт тараптуу жолугушуу форматты сунуштады:
«Биз коопсуздук кепилдиктери жөнүндө айтканда, биз бүтүндөй европалык континенттин коопсуздугу жөнүндө айтып жатабыз».
 
Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони «биринчи кезекте» Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери талкууланаарын белгилеп, НАТО келишиминин 5-беренесине окшош механизмди мүмкүн болгон комплекстүү кепилдик катары кубаттады.
 
Жалпыга ачык бөлүгү бүткөндөн кийин лидерлер эки сааттай жабык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Трамп тынчтыкка жетишүү боюнча аныктама жакын арада чыгышы мүмкүн экенин билдирди:
«Бир жума-эки жуманын ичинде биз бул маселени чече алабызбы же коркунучтуу салгылашуулар улана береби — билип калабыз».
 
Европалык лидерлер менен жолугушуудан кийин эле Трамп орус президенти менен байланышкан. Америкалык лидер Путин менен Зеленскийдин жеке жолугушуусун макулдашуу иштерин баштаганын, анын артынан үч тараптуу сүйлөшүүлөр өтөрүн — «эки президент жана мен» — билдирген. Бул процессти вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана атайын өкүл Стив Уиткофф координациялайт.
 
Кремль телефондук сүйлөшүү фактын ырастады. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Путин менен Трамп «орус-украиналык түз сүйлөшүүлөрдүн деңгээлин жогорулатуу идеясын талкуулашкан».
 
Трамп кеткенден кийин европалык лидерлер Ак үйдө калып, талкууну улантышты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз