Ошто диний кырдаал жана этностор аралык мамилелер талкууланды
Бүгүн, 19-августунда Президенттин алдындагы Дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте диний чөйрөдөгү жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалым болгондой, жыйынга координациялык кеңештин мүчөлөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрү болуп, жалпысынан 100гө жакын адам катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Ош облусундагы диний кырдаал, этностор аралык мамилелердин абалы, элдин биримдигин жана коомдук ынтымакты чыңдоого багытталган практикалык чаралар талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө, радикалдык агымдарды алдын алууга жана иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык диний уюмдар менен иштөөнү өркүндөтүүгө багытталган чечимдер кабыл алынды.
Жакынкы убакта ушундай эле жыйындарды өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүү пландалууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.