Даниэл Ажиевдин аялына анын конфискацияланган батири менен автоунаасын өткөрүп беришти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Даниэл Ажиевдин жубайын кабыл алды. Ал 29-июлда социалдык тармактарда конфискацияланган батирлердин бирин үй-бүлөсүнө өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган.
УКМКнын маалымат кызматы 19-августта билдиргендей, үй-бүлөнүн оор абалын, ошондой эле Ажиевдердин үй-бүлөсүндө оор дартка чалдыккан бала бар экенин эске алуу менен ага конфискацияланган батир жана жаңы унаа берилди.
Буга чейин Ажиевдин мүлкү камакка коюлуп, кийин мамлекеттин эсебине өткөрүү үчүн конфискацияланган. Конфискацияланган кыймылсыз мүлк менен унаалардын жалпы баасы 262 млн сомду түзгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.