USAID’дин 2 миң кызматкери кызматтан бошотулат,- The New York Times

 
Трамп тарабынан дайындалган АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жетекчилиги 2 миң кызматкердин кызматтан бошотулушу тууралуу электрондук каттарды жөнөттү. Бул тууралуу  CentralAsia басылмасы The New York Times шилтеме берип, аталган гезит каттын тексти менен таанышкандан кийин кабарлаганын жазат.
 
Катта ошондой эле миңге чейин кызматкер убактылуу өргүүгө чыгарылганы айтылат. Документке ылайык, бул чаралар «өтө маанилүү программалар» же «өзгөчө программалар» боюнча иш алып барган кызматкерлерге, ошондой эле «негизги жетекчилерге» тиешелүү эмес.
 
Электрондук катта кызматтан бошотулган кызматкерлердин АКШнын аймагында иштегендер экени баса белгиленген.
 
Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча ири кампания баштаган. Бийликке келгенден кийин ал дээрлик бардык чет элдик жардам программаларын 90 күнгө токтоткон. Натыйжада, USAID жетекчилиги жана кызматкерлери административдик өргүүгө чыгарылган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Трамптын командасы агенттиктин кызматкерлеринин санын 30 эсеге кыскартууну пландаштырган.
 
USAIDдин аткаруучу директорунун милдетин мамлекеттик катчы Марко Рубио аткара турганы жарыяланган. Ошондой эле, Трамп администрациясы агенттиктин жетекчилигиндеги башка кызматтарга жаңы адамдарды дайындаган.
 
Февраль айында сот USAIDдин 2 миңден ашык кызматкерин кыскартууга убактылуу тыюу салган. Бирок, The New York Times гезитинин маалыматына ылайык, 21-февралда сот администрацияга кызматкерлерди бошотууга же төлөнүүчү өргүүгө жөнөтүүгө, ошондой эле агенттиктин чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүн жабууга уруксат берген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз