Орусиянын Коргоо министрлиги "Түндүк" аскердик топторунун жетекчисин алмаштырды
«Түндүк» аскердик топторунун командачысы болуп генерал-полковник Александр Лапиндин ордуна генерал-полковник Евгений Никифоров дайындалды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалымат айдын башында Telegram-каналдарда чыккан болчу.
2021-жылдын июнунан октябрына чейин Никифоров Орусиянын Сириядагы Куралдуу күчтөрүнүн аскердик тобун башкарып келген. 2024-жылга чейин Батыш аскер округун жетектеп, ал таркатылып Ленинград жана Москва аскер округдары болуп кайра түзүлгөнгө чейин кызматта болгон. 8-августта аскердик кабарчылар генералдын дайындалганы тууралуу кабарлаган, бирок ага чейин бул тууралуу расмий ырастоо болгон эмес.
«Түндүк» аскердик тобу 2024-жылдын апрелинде түзүлгөн. Анын курамына «Белгород», «Курск» жана «Брянск» аскердик топтору кирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.