Бишкекте Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев расмий түрдө жолугушту
2024-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
«Ынтымак Ордо» имаратынын алдында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардак караул тизилип, кызыл килем төшөлдү.
Өлкө башчылары бири-бирин тосуп алгандан кийин, ардак караул ротасынын командиринин рапорту кабыл алынып, андан соң аскердик оркестр эки мамлекеттин мамлекеттик гимндерин аткарды.
Мунун аркасынан президенттер караул тизилишин кыдырып өтүшүп, Касым-Жомарт Токаев ардак караул ротасын «Салам аскер!» деп саламдашты. Андан соң тараптар расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Расмий салтанат аяктагандан кийин, Жапаров менен Токаев «Ынтымак Ордо» имаратына өтүп, биргелешкен сүрөткө түшүп, андан соң тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөр залына бет алышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.