Уран Сатыбалдиев UFCдеги алгачкы жеңишине жетти
Кыргызстандык спортчу Уран Сатыбалдиев (9-1) UFCдеги алгачкы жеңишине жетти.
Кыргызстандык жигит 23-август күнү Кытайдын Шанхай шаарында өткөн UFC Fight Night 257 турниринде күч сынашты. Анын атаандашы Казакстандан келген Диар Нургожай (10-2) болду.
Мелдештин алгачкы раундунда эле Сатыбалдиев атаандашын так сокку менен жыгып түшүрдү. Андан соң партерде күрөштү улантып, муунтуу ыкмасын колдонду.
Биринчи раунд аяктаганга 2 мүнөт 15 секунд калганда казакстандык спортчу кол жаңсап, жеңилгенин моюнга алды.
Ошентип, Сатыбалдиев словакиялык Мартин Будайдан утулгандан кийинки UFCдеги алгачкы жеңишине жетишти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.