Уран Сатыбалдиев 50 миң доллар бонус алды
Кыргызстандык Уран Сатыбалдиев (9-1) UFCдеги алгачкы жеңишине жетишти.
Ал Кытайда өткөн UFC Fight Night 257 турниринде Казакстандан келген Диар Нургожай (10-2) менен беттешип, биринчи раунддун 2 мүнөт 45 секундунда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.
Бул Сатыбалдиев үчүн UFCдеги алгачкы жеңиш болуп эсептелет.
Мындан тышкары, ал көрсөтүлгөн ыкмасы үчүн уюштуруучулардан «Кечки мыкты аткаруу» деген наамга ээ болуп, $50 000 өлчөмүндө бонус алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.