Казакстан: Алматыдагы аэропортто эркек киши өзүн-өзү өрттөп жиберген

Алматы аэропортунун Т-1 терминалында 25-августта эркек киши өзүн өрттөп жиберген. Алдын ала маалыматтарга караганда, мындай кадамга ал жарандык аялы менен болгон жеке чыр-чатактан улам барган. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Кадрларда бейсболка кийген, курткачан адам кассада турганы, андан кийин күтүлбөгөн жерден от тутанганы көрүнөт. Ал сыртка чуркап чыгып, жерге кулап түшкөндө күбөлөр өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен жалынды өчүрүшкөн.
 
Полиция кызматкерлери жана аэропорттун коопсуздук кызматы отту өчүрүп, тез жардам чакырышкан. Жабыркаган адам шаардык ооруканага жеткирилди.
 
Бул факты боюнча транспорттогу полиция департаменти кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.
 
Транспорттогу полиция департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алдын ала маалымат боюнча эркек киши жеке чыр-чатактан улам өзүн өрттөп жиберген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз