Барчынай Таникулова: Уулумдун футболчу болушуна болгон күчүмдү жумшаймын!
Кичинекей кезинен футболго кызыгып, бүгүнкү күндө «Достук Арена» спорт комплексинин «Талант» футбол клубунда машыгып келе жаткан Эльдардын спортко болгон кызыгуусу үй-бүлөлүк колдоонун жана туура багыт берүүнүн жакшы үлгүсү. Анын футбол дүйнөсүнө болгон алгачкы кадамдары, кыялдары жана жетишкендиктери тууралуу апасы Барчынай Таникулова менен маектештик.
— Барчынай айым, саламатсызбы! Алгач уулуңуздун футболго болгон кызыгуусу качан жана кантип башталганынан кеп баштасак.
— Саламатчылык! Уулум төрт жашынан тарта футболго кызыга баштаган. Чоң уулум менен кичүүсүнүн жаш айырмасы 12 жыл. Чоң уулум өзү да футболго кызыгып, Оштогу Абдумомунов академиясында машыгып жүргөндүктөн, инисине көп жагынан үлгү болду. Ага дайыма мотивация берип, футболго кызыктырып турчу.
Мындан тышкары, уулум интернеттен дүйнөлүк футбол жылдыздары Месси, Роналду, Мбаппе тууралуу видеолорду көрүп, алардын оюндарын изилдеп, футбол жөнүндө көп талкуулай баштады. Ушунун баары анын бул спортко болгон кызыгуусун арттырды.
— Башында балаңыздын футболго болгон кызыгуусу күчтүү экенин байкадыңыз беле?
— Чынын айтсам, башында анчалык деле байкаган эмесмин. Көбүнчө чоң уулум инисине көңүл буруп, аны футболго кызыктырып жүрдү. Кийинчерээк кичүү уулумдун бул спортко болгон кызыгуусу күчөп, футбол анын сүйүктүү ишине айлана баштаганын байкадым.
— Уулуңуз футбол менен канча убакыттан бери машыгып келет?
— Балам алты жашынан тарта «Билимканада» футбол ийримине катышып, эки жылдай машыкты. Андан кийин Бишкек шаарындагы «Достук Арена» спорт комплексинин «Талант» футбол клубуна барып баштады. Учурда бир жарым жылдан бери ошол клубда машыгып, оюндарга активдүү катышып келет.
— Машыгуулары кандай өтөт? Футболго болгон кызыгуусу окуусуна да таасир этеби?
— Эки күндө бир жолу эки саат машыгат. Клубда байма-бай оюндар жана мелдештер уюштурулуп турат. Уулум аларга активдүү катышат. Футболго ушунчалык берилип кеткендиктен, кээде окуудан да эртерээк алып кетишимди суранат. «Мени окуудан эртерээк алып кеткиле, футболго барганыма окуум тоскоол болуп жатат», — деп калат. Азыркы учурда окууга караганда футболго көбүрөөк кызыгат десем болот.
— Командасында кайсы позицияда ойнойт?
— Эльдар командасында коргоочу позициясында ойнойт. Командасын колдоп, оюндарга активдүү катышып келет. Футболдо ар бир позициянын өз жоопкерчилиги бар эмеспи. Балам да өзүнө берилген милдетти аткарууга аракет кылат.
— Кандай ийгиликтерди багындырды?
— Жакында эле клубдун ичинде өздөрү теңдүү курактагылардын арасында өткөн мелдеште командасы менен биргеликте үчүнчү орунду ээлешти. Ал жерде жаңылбасам 6-7 команда болушту. Албетте, бул биз үчүн жагымдуу жетишкендик болду. Азырынча өтө чоң ийгиликтерге жетише элек, бирок мен үчүн эң негизгиси — баламдын спорт менен машыгып, убактысын пайдалуу өткөрүп, өзүнө жаккан иш менен алектенип жатканы.
— Дүйнөлүк футбол жылдыздарынан кимдерди жактырат? Ал эми кыргыз футболчуларынан кимдерди үлгү тутат?
— Дүйнөлүк футбол жылдыздарынан Ямал жана Мбаппени жакшы көрөт. Ал эми кыргыз футболчуларынан Арлен Бексулов менен Мирлан Мурзаевди өзгөчө жактырат. Алардын оюндарын кызыгуу менен көрүп, ошол футболчулардай мыкты оюн көрсөтүүгө аракет кылат.
— Эне катары балаңыздын футболго болгон кызыгуусун кантип колдойсуз?
— Мен балдарымдын кичинекей кезинен тартып эле ар бир тандоосун колдоп келем. Кайсы ийримге баргысы келсе, кайсы кошумча сабакка кызыкса, колдон келишинче шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Психолог катары да баланын кызыгуулары жана тандоолору убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн экенин жакшы түшүнөм. Бүгүн футболго кызыкса, эртең башка тармакка кызыгышы мүмкүн. Ошондуктан баланын тандоосуна чек койбой, анын жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейм.
— Уулуңуздун келечегине байланыштуу кандай тилек-максаттарыңыз бар?
— Албетте, ар бир эне баласынын ийгиликтүү болушун каалайт. Мен да уулумдун келечекте өзүнө жаккан кесипти тандап, максаттарына жетишин каалайм. Бирок азыр мен үчүн эң башкысы — анын ден-соолугу чың болуп, спорт менен машыгып, тартиптүү жана жоопкерчиликтүү болуп чоңоюшу. Баланын кыялын колдоо — анын келечегине берилген чоң мотивация деп ойлойм.
Эльдардын азырынча футбол дүйнөсүндө багындыра турган бийиктиктери алдыда. Анын футболго болгон сүйүүсү, агасынын үлгүсү жана ата-энесинин чексиз колдоосу келечектеги ийгиликтерине бекем пайдубал болоруна ишенебиз. Бүгүнкү кичинекей кадамдар эртең чоң жеңиштерге жол ачсын дейм!
Маектешкен: Гүлзада Өскөнбаева
Редакциядан: Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.





