Кыргызстанда 50 жаштан өткөн аялдардын 67,5 пайызы заарасын кармай албоо көйгөйүнө кабылышкан

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда сурамжылоого катышкан 50 жаштан ашкан аялдардын 67,5 пайызы заарасын кармай албай калуу белгилери бар экенин билдирген. Алардын жарымынан көбү бул көйгөй боюнча дарыгерге эч качан кайрылган эмес. Мындай маалымат 2025-жылы жүргүзүлгөн улуттук изилдөөдө белгилүү болгон, деп жазат "Ден соолук АКИпресс".
 
Гинеколог Арсен Аскеровдун айтымында, изилдөөнү Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясы Үй-бүлөлүк медицина ассоциациясы жана Медициналык билим берүү демилгелери менен биргеликте жүргүзгөн.
 
Изилдөөгө Бишкек шаарынан жана өлкөнүн бардык аймактарынан 992 аял катышкан. Алардын орточо жашы 59ду түзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 670и заарасы эрксизден чыгып кетерин билдиришкен.
 
Маалыматтар диагнозду клиникалык жол менен тастыктабастан, анонимдүү анкеталоо аркылуу чогултулган. Андыктан изилдөөнүн жыйынтыгы сурамжылоого катышкан аялдардын арасындагы белгилердин таралышын гана чагылдырат.
 
Жаш курак жогорулаган сайын бул көйгөйгө кабылгандардын саны да көбөйгөн. Тактап айтканда, 50–59 жаштагы аялдардын 60,3 пайызы, 60–69 жаштагылардын 77,1 пайызы, ал эми 70 жаштан ашкандардын 79 пайызы заарасын кармай албай калуу белгилерин белгилешкен.
 
Аялдарда жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же физикалык күч келгенде зааранын чыгып кетиши, күтүүсүздөн заара ушаткысы келип, аны кармай албай калуу сыяктуу белгилер байкалган. Айрымдарында бул көрүнүштөр бир убакта кездешкен.
 
Мындай белгилери бар аялдардын 50,3 пайызы бул маселе боюнча дарыгерге эч качан кайрылган эмес. 25,4 пайызы медициналык жардам сурап кайрылганы менен, дарыланган эмес. Ал эми 24,3 пайызы дарылануудан өткөнүн билдирген.
 
Дарыгерге кайрылууга тоскоол болгон себептердин бири — уялуу сезими болушу мүмкүн. Маселени дарыгер менен талкуулоодон сурамжылоого катышкан аялдардын 44 пайызы ыңгайсызданарын айтышкан. Айыл жергесинде бул көрсөткүч 50 пайызды түзсө, Бишкекте 28 пайыз болгон.
 
Заараны кармай албай калуу адамдын күнүмдүк жашоосуна терс таасирин тийгизип, физикалык активдүүлүгүн чектеп, ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок адистер мындай көрүнүштү карылыктын сөзсүз коштолуучу белгиси катары кабыл албоо керектигин эскертишет.
 
Алгач үй-бүлөлүк дарыгерге, гинекологго же урологго кайрылуу зарыл. Адис көйгөйдүн себебин аныктап, тиешелүү дарылоо ыкмасын сунуштайт.
 
Заараны кармай албай калуунун айрым түрлөрүн дарылоодо жамбаш түбүнүн булчуңдарын чыңдоочу көнүгүүлөр колдонулат. Аларды туура жана үзгүлтүксүз жасоо жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же физикалык күч келгенде зааранын чыгып кетишин азайтууга жардам берет. Көнүгүүлөрдү туура аткаруу ыкмасын жана машыгуу тартибин адис менен кеңешүү зарыл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз