Большевикте футбол аянты курулду
Өзгөн районундагы Кара-Шоро айыл аймагы – биримдикти бекемдеп, өнүгүүгө карай багыт алган аймактардын бири. Ал 2024-жылы Ак-Жар жана Көлдүк айыл аймактарынын биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Ак-Жар, Какыр, Семиз-Көл, Большевик, Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарын камтыган аймакта жергиликтүү инфраструктураны ирээтке келтирүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Айыл аймакта ички жолдорду оңдоо жана жаңылоо, спорт аянтын куруу ишке ашууда. Семиз-Көл айылында долбоордун алкагында таза суу системасы пайдаланууга берилди. Алыскы Чалк-Өйдө айылында үй шартындагы бала бакча ачылды.
Ал эми аталган айыл өкмөттүн Большевик айылында Зергербай Ибраимов атындагы кичи футбол аянтчасынын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Маалыматка ылайык, курулуштун жалпы наркы 13 млн 979 миң 418 сомду түзгөн, каражат Ош облустук өнүктүрүү фондунан, жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү жамааттын салымынан чогултулган.
“Айылыбызда кичи футбол аянтчасынын курулуп, пайдаланууга берилиши — айыл жаштары жана бүтүндөй жергиликтүү жамаат үчүн кубанычтуу жана маанилүү. Жаштардын ден соолугун чыңдоого, спортту жайылтууга жана бош убактысын туура пайдаланууга, сергек жашоого чоң шарт түзүлөт. Аянтчага айылдын өнүгүшүнө салым кошкон эмгек ардагери Зергербай Ибраимовдун ысымынын ыйгарылышы жана анын эмгегинин эскерилиши улуу муундун өрнөктүү өмүрү жаштар үчүн мурас болуп калат.
Жергиликтүү тургундар тилек кылгандай, ушундай аянтчалардан Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан белгилүү спортчулар чыгат деген үмүттөбүз. Бул демилгени ишке ашырууга себепкер болгон, салым кошкон бардык инсандарга жана жергиликтүү тургундарга терең ыраазычылык билдиребиз. Жаңы футбол талаасы айыл элине кут кылсын, ак жолтой болсун!”, -дейт Артур Ибраимов. Иш-чарада спортту өнүктүрүү, жаштардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу маанилүү багыттардын бири экендиги белгиленди. Айылдын өнүгүшүнө салым кошкон эмгек ардагери Зергербай Ибраимовдун айылга сиңирген эмгеги тууралуу сөз болду. Жергиликтүү тургундар жаңы спорттук жайдын курулушуна салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдиришти.
А.МАТИЕВА.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


