Киев Москвага өзүнүн вариантындагы меморандумду өткөрүп берди

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединскийге украиналык меморандумдун версиясын тапшырганын билдирди. Анын айтымында, Киев ок атышууну толук токтотууга жана андан аркы дипломатиялык иштерге даяр экенин тастыктады.

«Мен орусиялык делегациянын башчысына биздин документти тапшырдым, ал Украинанын позициясын чагылдырат. Алар бул документти алышты», — деди Рустем Умеров. Анын сөздөрүн Украинанын Коргоо министрлиги Telegram каналында жарыялады.
 
Министр кошумчалагандай, Украинанын делегациясы Орусиянын өкүлдөрү менен жолугушууга «каршы эмес». Ал Киев орусиялык меморандумдун версиясын алдын ала күтүп жатканын белгиледи, «жолугушуу куру болбошу» жана «кайра тынчтыкка жакындаш үчүн» деп.
 
Рустем Умеров белгилегендей, орусиялык тарап 16-майда өткөн сүйлөшүүлөрдө макулдашылган «1000ге 1000» туткундарды алмашуудан кийин өз версиясын тапшырууга убада берген. Ал бул убада «дароо аткарылышы керек» деп чакырды.
 
Меморандумдун даярдалып жатканын 19-майда Орусия президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирген. Ал документке ок атышууну токтотуу жана кагылышууну жөнгө салуунун негизги принциптери кириши мүмкүн экенин айткан. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-майда орусиялык тарап украин тарапка документти 2-июнда Стамбулдагы жолугушууда берүүгө даяр экенин билдирген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз