Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы шайлоо системасы кантип иштейт? БШКнын түшүндүрмөсү
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо системасы өзгөрдү — 2026-жылдан тарта парламент толугу менен мажоритардык система менен шайланат. Өлкө 30 көпмандаттуу округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Жаңы шайлоо модели кандай иштейт жана бул өзгөрүүлөр шайлоочулар менен талапкерлерге кандай таасир тийгизет деген суроолорго Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Айдана Жупуева "АКИпресс" агенттигине маек курган.
– Шайлоо системасында эмне өзгөрдү? Эми депутаттар кандай жол менен шайланат?
– Негизги өзгөрүү — биз аралаш системадан толугу менен баш тарттык. Мурун 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланчу. Эми депутаттардын баары мажоритардык система менен шайланат — 30 көпмандаттуу округ түзүлүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Бирок шайлоочу бир гана талапкерге добуш берет. Мындай ыкма жеке талапкерлерге добуш берүүнү камсыз кылып, шайлоону атаандаштыкка бай кылат.
– Демек, партиялык тизме болбой калабы?
– Партиялар талапкерлерди көрсөтө алышат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү (самовыдвижение) мүмкүнчүлүгү да сакталып калды, бул өтө маанилүү.
– Талапкерлерге коюлган талаптар кандай? Мурунку системадан эмнеси менен айырмаланат?
– Талапкер Кыргызстандын жараны болушу керек, жаш курагы 25тен кем эмес, жогорку билими болушу зарыл жана акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуу жашаган болушу керек. Ар бир жыл үчүн 6 айга чейин Кыргызстандан сырткары кызматтык, илимий же башка зарыл себептер менен убактылуу чыгып турууга уруксат берилет.
Ошондой эле айрым чектөөлөр бар: соттуулугу жоюла элек адамдар, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана диний ишмерлер — диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин 5 жыл ичинде талапкер боло алышпайт.
– Шайлоо күрөөсү жоюлдубу?
– Ооба, эми анын ордуна шайлоо салымы киргизилди. Ар бир талапкер 300 миң сом төлөйт. Бул акча кайтарылбайт жана түз эле республикалык бюджетке түшөт.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңилдиктер каралган: III топтогу майыптар үчүн — 70 миң сом, I жана II топтогулар үчүн — 50 миң сом.
– Округдардын картасы кандайча түзүлөт? Кандай критерийлер каралат?
– Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо датасы жарыяланган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде округдардын чегин жана схемасын бекитет.
Округдар түзүлгөндө төмөнкү принциптер сакталышы керек:
- шайлоочулардын саны бирдей болууга тийиш (орточо көрсөткүчтөн 20% ашпаган айырмага уруксат берилет);
- аймактын бүтүндүгү – округ бирдиктүү, үзгүлтүксүз аймак болушу керек;
- административдик-аймактык бөлүнүү эске алынат.
Коомдук талкуу талап кылынбайт. Округдар жарандарды каттоо, жер ресурстарын башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий маалыматтарына таянып түзүлөт. Бул органдар шайлоо дайындалган күндөн тартып 3 күндүн ичинде маалымат беришет.
БШК мүчөлөрүнөн жана аппарат кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлөт. Президент шайлоо тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин дароо округдарды түзүү иштери башталат. Бул үчүн 7 күн убакыт берилет.
– Гендердик тең салмак боюнча көп пикир келишпестиктер болгон. Эми партиялык тизме жок шартта бул маселе кандайча чечилет?
– Ооба, бир округда бир жыныстагы үч депутат шайланып кетпеши керек. Жаңы система көпмандаттуу округдарда мандаттарды бөлүштүрүүдө гендердик тең салмакты сактоо механизмдерин камтыйт. Мисалы, эгер добуш берүүнүн жыйынтыгында үч эркек талапкер эң көп добуш алса, үчүнчү мандат ошол округдагы эң көп добуш алган аял талапкерге өтөт.
Мыйзамда төмөнкү нормалар бекитилген:
- партия талапкерлерди көрсөтүүдө бир жыныстагылар 70%дан ашпоого тийиш;
- бир округда бир жыныстагы экиден көп талапкер шайланбоого тийиш;
- жалпы жыйынтык боюнча өлкөдө жок дегенде 30 мандат бир жыныстын өкүлдөрүнө берилет.
Мындай жол менен гендердик тең салмак талапкерлерди көрсөтүүдө да, мандаттарды бөлүштүрүүдө да корголот.
– Эгер бир депутат мандаттан баш тартса, анын орду кандайча толтурулат?
– Анын ордуна ошол эле округдан шайлоодо эң көп добуш алган кийинки талапкер келет. Бирок бул жерде да жыныс каралат: чыккан депутат кандай жыныстагы болсо, ошол эле жыныстагы талапкерге мандат берилет. Эгер андай талапкер жок болсо, анда башка жыныстагы талапкерге өтөт.
Эгер талапкерлердин тизмеси толук түгөнсө – башка талапкерлер калбаса – анда гана кошумча шайлоо дайындалат.
– Шайлоодо кандай технологиялар колдонулат?
– Азыр жаңы түшүнүктөр киргизилип жатат: онлайн жана оффлайн идентификация.
Оффлайн идентификация — бул шайлоочу өздүгүн добуш берүү участкасында жеке же биометриялык маалымат менен аныктайт. Добуш берүүнү катталган жери боюнча же каалаган участкта бере алат.
Онлайн идентификация — шайлоочу катталган жери башка аймакта болсо да, кайсы гана участкага барып, биометрия аркылуу (манжа изи, бет таануу ж.б.) өздүгүн тастыктап, өзү катталган округдагы талапкерлердин тизмеси менен бюллетень алып, добуш бере алат.
Салттуу участкалардан тышкары, соода борборлорунда, аэропорттордо да добуш берүү пункттарын ачуу пландалууда. Мисалы, шайлоочу өз аймагында добуш бере албаса, аэропорттон учар алдында же учуп келгенден кийин добуш бере алат.
Мурун чет өлкөдө добуш берүү үчүн консулдук каттоого туруу талап кылынса, азыр бул жеңилдетилүүдө. Эми ар бир Кыргызстандын жараны, чет өлкөдө жүргөн болсо да, каттоого карабай добуш бере алат — биз атайын шайлоо участокторун ачып жатабыз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.