Антарктиданын муз астынан 332 ири суу алдындагы каньон табылды

"Барселона" университетинин жана Корк университеттик колледжинин эл аралык окумуштуулар тобу Антарктиканын эң толук суу алдындагы каньондорунун каталогун түздү. Marine Geology журналына жарыяланган изилдөөдө 332 чоң суу алдындагы каньон аныкталганы айтылат, алардын айрымдарынын тереңдиги 4000 метрден ашат, деп жазат "CentralAsia".

Жаңы картографиялык изилдөөнүн жыйынтыгында, мурунку илимий иштерге салыштырмалуу каньондор беш эсе көп экени аныкталды. Бул ири суу алдындагы өрөөндөр муз доорунун күчү жана чөкмө тектердин агымы аркылуу калыптанып, азык заттарды ташууда жана дүйнөлүк климатка таасир этүүдө чоң роль ойнойт.
 
Антарктиканын суу алдындагы каньондору дүйнөнүн башка аймактарындагы каньондорду эске салат, бирок узак убакыт бою муз катмарларынын таасиринен улам алар андан да чоң жана терең.
 
Изилдөөдө Чыгыш жана Батыш Антарктикадагы каньондук системалардын олуттуу айырмачылыктары белгиленди. Чыгыш Антарктиканын каньондору татаал бутактанган түзүлүшкө ээ болуп, U-түрүндөгү кесилишке ээ. Бул көрүнүш туруктуу муздоонун шартында узак убакыттан бери өнүгүп келгенин көрсөтөт.
 
«Эң таасирдүү каньондор Чыгыш Антарктикада жайгашкан. Алар көбүнчө материктик шельфтин четиндеги бир нече чокулардан башталып, кийинчерээк бир негизги каналга кошулат», — деп айтылат изилдөөдө.
 
Батыш Антарктиканын каньондору болсо кыскараак жана тик келип, V-түрүндөгү кесилишке ээ. Бул морфологиялык айырмачылык Чыгыш Антарктиканын муз калканы мурда пайда болгонун далилдейт.
 
Ачыкланган каньондор океандын терең катмарлары менен материктик шельфтин ортосундагы суу алмашууга өбөлгө түзөт. Бул процесс муздак суунун Антарктиканын түпкү суусун калыптандыруусуна шарт түзөт, ал болсо дүйнөлүк океандын айланма агымдарынын негизи болуп эсептелет.
 
Бирок ошол эле учурда каньондор жылуу сууну жээкке жеткирип, шельфтеги муздардын эришине алып келет. «Шельфтер алсырап же кыйраганда, материктик муз тезирээк деңизге агып, дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз салым кошот», — деп эскертишет окумуштуулар.
 
Бул ачылышка Түштүк океандын эл аралык батиметриялык картасынын экинчи версиясынын жардамы менен жетишилди. Анын чечимдиги ар бир пикселге 500 метр болуп, мурдагы карталарга салыштырмалуу төрт эсе так. Ошондой эле окумуштуулар каньондорду аныктоо үчүн жарым-жартылай автоматташтырылган ыкманы жана морфометриялык параметрлерди эсептөө үчүн атайын ГИС-скриптти колдонушкан.
 
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, азыркы климаттык моделдер бул каньондордо жүрүп жаткан татаал процесстерди эске албайт, ошондуктан климаттын өзгөрүшүн алдын ала айтууда тактык жетишпей жатат. Ошондуктан, деңиз түбүн картографиялоону улантып, климаттык моделдерди өркүндөтүү зарыл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз